• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров депутаттардан экономикалык мыйзамдарды тез арада колдоп берүүнү өтүндү

28 Тогуздун айы 2020 17:45 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна экономикалык багыттагы мыйзам долбоорлорун киргизгенин билдирди. 28-октябрда парламент алдында өкмөт башчы катары расмий ант бергенден кийин Жапаров кыскача сөз сүйлөп, депутаттарга “оор абалда кезексиз жыйындарга чогулуп, өкмөттү бекитип бергени үчүн” ыраазычылыгын билдирип, ошол мыйзамдарды тезирээк кабыл алып берүүнү өтүндү.

“Сиздерге кезексиз кароого экономикалык мыйзамдар киргизилди. Ошолорду карап, бүгүн бүтүрүп беришиңиздерди суранып кетет элем. Чоң жардам берген болосуздар бизге”, — деди.

Кайсы мыйзамдар тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок.

Жапаров ошондой эле парламентте ант берген жетекчилерге кайрылып, аларды “абал тез арада турукташып кетишине, бир кишинин кызыкчылыгы эмес, жалпы элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн конституциялык реформа жасоого жардам берүүгө” чакырды.

Количество просмотров: 71