• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Жапаров депутаттардын жыйынына келди

10 Тогуздун айы 202018:24 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров ЖК депутатарынын кезексиз жыйынына келди. Анын талапкерлиги өкмөт башчылыкка сунушталып, Жапаров учурда депутаттардын алдында сөз сүйлөп жатат.

Өкмөт башчылыкка сунушталган Садыр Жапаровго өкмөттүн программасын жана курамын тааныштыруу үчүн сөз берилди.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына жалпысынан 63 депутат катышууда, алардын ону ишеним кат жазып беришкен. Бул тууралуу жыйындын спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирип, кворум бар экенин жарыялады.

Абдылдаев өкмөт отставкага кеткенин, 6-октябрдагы жыйын мыйзамдуу болгонун, бүгүнкү жыйында өкмөттүн программасы, структурасы жана курамы караларын айтты.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда бул жараяндын жыйынтыгына нааразылардын митингинен соң саясий абал курчуп турат. 6-октябрдагы митингден кийин президенттин кеңсеси жана парламент жайгашкан имараттын ичи талкаланган. Премьер-министр Кубатбек Боронов 9-октябрда президенттин жарлыгы менен отставкага кеткен.

6-октябрда «Достук» мейманканасында депутаттардын жыйыны өтүп, анда саясатчы Садыр Жапаров премьерликке сунушталганы кабарланган. Бирок бул жыйындын мыйзамдуулугунан шек саноо пайда болгон.

Количество просмотров: 757