Бүгүн, 11-апрелде президент Садыр Жапаровдун келишине саналуу мүнөттөр калганда №1053 шайлоо тилкесинде бир урна иштебей калды. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Маалым болгондой, мамлекет башчы Садыр Жапаров Чоң-Арык айылындагы №1053 шайлоо тилкесинде добуш берет.
«Иштебей калган урна бир нече мүнөттөрдөн кийин оңдолду. Бул арада 20 чакты жаран кезек күтүп калды»,-деди кабарчы.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө.