• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров «Дордойдун» ишкерлери менен жолугушту

12 Үчтүн айы 2022 16:19 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлери менен жолугушуп, Салык кодексинин жаңы редакциясын талкуулады. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров эгер товар жүгүртүү 8 млн сомго жетпесе, ишкер салык төлөөдөн бошотулат деген ченем бар экенин айтты. Салык кодексин өзгөртүү өкмөттүн талабы эмес, замандын талабы экенин белгиледи. Маалыматтык-түшүндүрүү иштери начар жүргүзүлгөндүктөн, көзөмөл-кассалык машиналарды киргизүүнүн максаты туура эмес чечмеленип жатканын айтты.

«Биз базардагы ар бир соодагер менен сүйлөшүүгө жана жөнөкөй мисалдардын негизинде түшүндүрүүгө даярбыз, эсеп бардык жерде болушу керек, бул контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды киргизүүдөн арылууга жардам берет», — деди Жапаров.

Ишкерлер маалыматтык-түшүндүрүү иштери жетишсиз болгонун, контролдук-кассалык машиналарды киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылуучу товардын өзгөчөлүгүнөн келип чыгып, алынуучу маржаны эске алуу зарылдыгын айтышты.

Тараптар Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Бажы кызматынын жана башка тиешелүү органдардын өкүлдөрүнөн, ошондой эле «Дордой» соода-рынок комплексинин ишкерлеринен турган жумушчу топту түзүү зарылдыгы тууралуу пикирге келди. Алар чакан бизнес үчүн контролдук-кассалык машиналарды киргизүүнүн жеке шарттарын биргелешип иштеп чыгышат.

Количество просмотров: 721