• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Жапаров: Душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар

22 Жетинин айы 2021 15:58 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-ноябрда президент Садыр Жапаров бир нече жаңы конуштардын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуу «Ала-Тоо 3» конушунда өтүп, ага миңдеген жашоочулар чогулуп, кайгылуу, көйгөйлөрдү айтышты.

Жолугушууда Жапаровдон тургундар жер тилкелерин мыйзамдаштырып, көрүстөнгө коюуга уруксат берүү маселесин чечип берүүнү, милициянын участкалык пунктун ачып, мектеп, бала бакчаларды куруп, коомдук транспортту ишке киргизүүнү суранышты.

Алардын арызын уккан президент көйгөйлөрүн чечүүгө убада берди. Анын айтымында, бул жаңы конуштарда жашаган 13 миң үй-бүлө кызыл китептерин, жеринин документтерин ала алат. Ал эми губернаторго көрүстөнгө коюу маселесин чечүүнү тапшырды. Жана ошондой эле президент коомдук транспортту да ишке киргизүү, социалдык объектилер боюнча маселердин да чечиле турганын айтты.

Эл алдында сөз сүйлөп жатып, президент Садыр Жапаров «Менин душмандарым бийликте гана эмес, карапайым элдин арасында дагы бар», — бар деген пикирин айтты.

«Мына көмүр боюнча бир ай какшап сурандык,»бааны түшүргүлө, бир машинеден 10-15 миң сом киреше тапсаңар деле жетет», — деп. Болбой коюшту, жок миң доллар табыш керек экен. Айла кеткенде өкмөт колго алып, үч миң сомго түшүрүп таштадык эле ишсиз калышты», — деди Жапаров.

Жапаров бул жылы көмүр казуу мурдагыга салыштырмалуу кеч башталганын белгилеп, ага “Кыргызкөмүр” ишканасында эки жетекчи алмашып, саботаж уюштурулганы себеп болгонун кошумчалады.

Количество просмотров: 149