• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жапаров Экономика министрлигинин ишин сындады

17 Теке 2023 18:07 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин коллегиясына катышты. Жыйындын жүрүшүндө Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин жана анын орун басарларынын маалыматы угулду.

“Мен буга чейин ар бир министрдин орун басарына министрликтин ишмердүүлүгүнүн белгилүү бир багыты бөлүнүшү керектигин эскерткен элем, бүгүн биз бардык министрлердин орун басарларынын аткарган иштери боюнча отчетун угабыз”, – деди Акылбек Жапаров.

Экономика жана коммерция министри аткарылган иштердин натыйжасында макроэкономикалык туруктуулук камсыздалганын, ИДПнын өсүү темпи 3,9% түзгөнүн жана 453,4 млрд сомго жеткенин белгиледи.

“2023-жылдын январь-май айларында тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 5,2 млрд АКШ долларын түзүп, ал 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 27,9%га, анын ичинде импорт 29,2%га, экспорт 21,9%га өстү”, – деп белгиледи Данияр Амангельдиев.

Ал ошондой эле Каатчылыкка каршы план толугу менен аткарылганын кошумчалады.

Өз кезегинде Жапаров Экономика жана коммерция министринин жана анын орун басарларынын отчетторун эске алып, министрликтин мындан аркы ишмердүүлүгү боюнча сын-пикирин айтуу менен бир катар сунуштарды киргизди.

“Өнүктүрүү фонддору боюнча ишиңиздерди көрбөй турам, алар экономиканы, бизнести өнүктүрүүнүн реалдуу инструменттери, эмне үчүн аларды толук пайдаланбайсыңар, бул багыттагы иштерди күчөтүп, ал үчун бир орун басар бекитиш керек”, – деди Акылбек Жапаров.

Жапаров жаңы жумуш орундарынын санариптик картасын көрсөтүүнү тапшырды.

“Экономиканын курулуш, тигүү жана өнөр жай сыяктуу ири тармактарда жумушчулардын жетишсиздиги бар. Жумуш орундары түзүлдү, бирок алар бош, андай болбошу керек. Канча жаңы жумуш орундары түзүлдү, кандай адистиктер киргизилиши керек, бул маалыматтар Билим берүү жана илим министрлигинде болушу керек жана мен дагы билип турушум керек. Мен бул багытта ишти көрбөй турам”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары ал Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абрахмановдун ишин сынга алды.

“Мага антидемпингдик пошлина эмне экенин билбеген министрдин орун басарынын эмне кереги бар? Министрликтин ар бир кызматкери мындай нерселерди билиши керек, министрдин орун басарын айтпай эле коеюн”, – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, экспорттун динамикасы өсүп, экономикалык өсүштүн темпи жогорулоодо, андыктан дайыма “заман агымы менен бирге” туруу зарыл.

“Сатуу рыногу өсүп жатат, ага дагы тиешелүү көңүл бурулбай жатат. Сиздин 8 орун басарыңыз эмне иш кылып жүрөт түшүнбөй жатам! Ошондой эле практикалык экономикага, Абу-Дабидеги, Бендер-Аббастагы соода портторундагы жерлерибизге көңүл бурушубуз керек, алардын ишмердүүлүгү менен ким алектенип жатат. Контрабандалык товарлардын импортуна каршы күрөштү күчөтүү зарыл. Бир сөз менен айтканда, талыкпай иштешибиз керек”, – деп жыйынтыктаган Акылбек Жапаров, бейшемби күнү Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата жыйын өткөрүлөрүн, анда ар бир министрдин орун басарына жеке баа берилерин белгиледи.

Количество просмотров: 67