• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Эл аралык дзюдо федерациясынын башчысы Мариус Визер менен жолукту

9 Чын куран 2021 20:17 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-апрелде, Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер жана уюмдун вице-президенти Обейд Аль Анзини менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргызстан менен Эл аралык дзюдо федерациясынын кызматташуусун активдештирүү, ата мекендик спортту өнүктүрүү пландары жана багыттары талкууланды.

Мамлекет башчысы Федерациянын жетекчилиги ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Анын натыйжасында Кыргызстанда биринчи жолу эркектер жана аялдар арасында дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты болуп өттү.

Садыр Жапаров чемпионат бийик деңгээлде уюштурулуп, жогорку деңгээлде өткөрүлгөнүнө баа берип, ага өзү да кунт коюу менен көз салганын баса белгиледи.

Президент бул кадыр-барктуу спорттук иш-чара өлкөдө артыкчылык берилген жана өнүгүп келе жаткан спорт түрү болгон кыргыз дзюдосу үчүн маанилүү окуя деп атады.

Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер Кыргызстанды дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алган биринчи алтын медалы менен куттуктап, бул жаш муундардын спортко кызыгуусуна түрткү болот деген тилегин билдирди.

Ал өлкөдө дзюдону жайылтуу жана өнүктүрүү боюнча кыргыз тараптын пландарын канааттануу менен белгилеп, Федерация Кыргызстанды бул багытта мындан ары да колдой берерин кошумчалады. Ал республикада дзюдо менен машыгуу шарттарын жакшыртуу үчүн материалдык-техникалык базаны өркүндөтүү боюнча биргелешкен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгууну сунуштады.

Мариус Визердин Эл аралык дзюдо федерациясы планетанын 5 континентинде 204 федерацияны ичине камтыйт жана жыл сайын 30га чейин ири спорттук мелдештерди өткөрүп турат.

Ал мындан ары да жигердүү кызматташууга даярдыгын билдирип, Садыр Жапаровду үстүбүздөгү жылдын июнь айына Будапешт шаарында пландалган дзюдо боюнча Дүйнө чемпионатына келип кетүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров Эл аралык дзюдо федерациясы менен кызматташуу ийгиликтүү болуп жатканын белгилеп, келечекте өз ара аракеттенүү мындан дагы кеңейе тургандыгына ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 6-апрелинен 9-апрелине чейин Бишкекте дзюдо боюнча аялдар жана эркектер арасында Азия жана Океания чемпионаты болуп, ага 29 мамлекеттин өкүлдөрү катышкан.

Количество просмотров: 94