• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Жапаров: Электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок үнөмдөө керек

22 Тогуздун айы 202113:47 Бишкек Govori.TV

Кышкы убакта электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт, бирок үнөмдөө керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүндө сөз сүйлөп жатып билдирди.

«Азыркы учурда кошумча 1,5 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат»,-деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин өлкөдө электр энергиясынын тартыштыгы айтылган. Кыргызстан учурда Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан электр энергиясы алууда.

Количество просмотров: 145