• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Эмгек мигранттарын Москвага поезд менен болсо да жөнөтүү керек

20 Үчтүн айы 2021 13:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандан эмгек мигранттарын керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров 20-январда парламенттин жыйынында кыргызстандыктарды жумуш менен камсыз кылууну сунуш кылып жатып билдирди.

«Бизде 500 миңге жакын адам жумушсуз отурат. Москванын мэри Собянин бир топ жумуш орду бошоп, иштегенге киши жок болуп жатканын айтты. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын — 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып… Милициянын маалыматы боюнча, азыркы тапта уурулук көбөйүп жатат. Албетте, эл ачка калса — уурулук кылат да», — деди Акылбек Жапаров.

Количество просмотров: 210