• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Эшмат келеби? Ташмат келеби? Кыргыз эли диктатура орнотууга жол бербейт

12 Жетинин айы 2020 14:31 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бийликтин диктатурасы болбойт. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

«Жаңы Конституция кабыл алынса диктатура болуп кетпейби деген ойдон алыс болуу керек. Кыргызстандыктар 30 жылда үчүнчү жолу революция жасаган эл. Дал ошол диктатураны орнотпойлу, мыйзамсыздык, адилетсиздикти жок кылалы деп ушундай аракеттерге барган. Мен же башка адам президент болуп келеби кыргыз эли бийликтин диктатурасына жол бербей тургандыгын өзүңүздөр көрдүңүздөр. Менин диктатура орнотуу ниетим жок. Диктатура орнотууга аракет кылгандар да болгон. Ошол эле мезгилде бийлик колго тийгенден кийин саясатчыларды куугунтуктаган мезгилдер, буйрутма өлтүрүүлөр, журналисттерди бычактап кеткен учурлар болгон. Бул ирет мен саясий куугунтуктоо болбосун деп айтып жаттым. Ар ким өз оюн, ачык-айкын айтып турууга шарт түзүп берели деген талаптарды койдум», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 107