• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жапаров германиялык инвесторлорду активдүү кызматташууга чакырды

9 Жетинин айы 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Германия Федеративдүү Республикасынын Гамбург шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында «Гамбург шаарындагы Кыргызстандын экономикасынын күнү” кыргыз-герман бизнес-форумуна катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетине жана Гамбург шаарынын соода-өнөр жай палатасына биргелешкен бизнес-форумду өткөрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун атынан ысык салам жана жакшы каалоолорду жеткирип жатканыма абдан кубанычтамын.

Быйыл биз Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелер орнотулгандыгынын 31 жылдыгын белгилейбиз. Дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн бери финансылык, техникалык, инвестициялык, билим берүү, маданий жана башка чөйрөлөрдө ийгиликтүү кызматташтык орун алууда.

Акыркы жылдардагы Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы жогорку деңгээлдеги саясий диалогдун ырааттуу динамикасын канааттануу менен белгилегим келет. Соода-экономикалык чөйрөдө практикалык кызматташууну жүзөгө ашырууга болгон олуттуу мамилебизди ырастап, мен жеке өзүм Германиянын иштиктүү борбору катары таанылган Гамбургга келип, «Германиядагы Кыргызстандын экономикасынын күнүнө» арналган иш-чаралардын алкагында сиздер менен жолугушууну чечтим.

Өлкөлөр ортосундагы экономикалык кызматташтыктын туруктуу механизмдерин түзүү үчүн биз мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп турууга ниеттенип жатабыз», — деди Акылбек Жапаров жана бүгүнкү бизнес-форумга кыргыз жана герман бизнес-делегация өкүлчүлүктөрүнүн катышуусу эки тараптын кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары чыңдоого карай болгон каалоосун жана кызыгуусун дагы бир жолу далилдеп жатканын кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин башчысы Кыргызстанда көп жылдар бою немец улутунун өкүлдөрү жашап келгендигин белгиледи. Ушул күнгө чейин өлкөдө аттары немец тилинде сакталып калган айылдар бар.

«Кыргыз эли немец элинин чыгаан уулу — Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Теодор Герцен менен сыймыктанат. Ал дүйнөлүк элдик оозеки чыгармачылыктын эң көрүнүктүү үлгүсү саналган кыргыздын “Манас” эпосу үчүн иллюстрациялар циклин тарткан. Теодор Герцен Кыргызстандын элине болгон патриотизмдин жана сүйүүнүн символу болуп калды. Кыргыздар жүз жылдан ашуун немецтер менен жанаша жашап, алардын маданиятын, менталитетин жакшы билишет.

Биз немецтердин эмгекке жана тартипке болгон мамилесин урматтайбыз.

Белгилүү «ОРДНУНГ МУСС ЗАЙН» немис принциби, башкача айтканда, «тартип баарынан жогору» деген түшүнүк кыргыз элине жакшы белгилүү», — деди Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы бүгүнкү күндө эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү туруктуу өсүп жатканын кошумчалады.

Эгерде 2020-жылы товар жүгүртүү 65 млн АКШ долларына барабар болсо, 2023-жылдын 8 айына карата алдын ала маалыматтар боюнча ал 273 млн АКШ долларына жеткен.

Түз чет элдик инвестициянын көлөмү 2020-жылы 3,6 млн АКШ долларын түзсө, 2022-жылы ал 39 млн АКШ долларына чейин өскөн.

Мында 12 эсе өскөндүгү көрүнүп турат.

«Буга катар эки тараптуу кызматташуунун эбегейсиз потенциалы али толук ачыла электигин жана жаңы шарттарда аны кеңейтүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенин түшүнөбүз. Биз урматтуу немис досторубузду алдыңкы технологияларды жана инновацияларды тартууну, башкаруу тажрыйбасын жана маанилүү ишканаларды түзүүнү камтыган долбоорлорду ишке ашырууга жигердүү катышууга чакырабыз. Мен жеке өзүм мамлекеттик жана жеке сектор деңгээлинде да активдүү жана үзгүлтүксүз экономикалык өз ара аракеттенүүгө даяр экендигибизге сиздерди ишендирип кетем», — деди ал.

Акылбек Жапаров бизнес-форумдун катышуучуларынын көңүлүн республиканын соода, логистика жана транспорт тармагындагы чоң потенциалына бурду.

«Биз «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча стратегиялык маанилүү жана масштабдуу долбоорду баштадык. Бул көлөмдүү долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышы Кыргызстандын соода-экономикалык жана транзиттик потенциалын бир топ жогорулатары шексиз. Ошол эле учурда Кыргызстандын транзиттик потенциалын жогорулатуу жаңы мааниге ээ болуп жаткан “Орто коридор” деп аталган мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө чоң салым кошот. Бул маселени чечүү үчүн Кыргызстан Германия менен эл аралык аба каттамдарын түзүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле немис авиакомпаниялары менен кызматташууга даяр экенин билдирет. Чет элдик авиакомпаниялар үчүн аба каттамдарын ачуу максатында Кыргызстандын эл аралык аэропортторунда ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, анын ичинде учуу иштеринин баштапкы этабында жеңилдиктер каралган. Натыйжада, биздин өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарынын ачылышы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө, анын ичинде соода жүгүртүүнүн жана туристтик агымдын өсүшүнө оң таасирин тийгизет», — деди ал жана немис ишкерлерин Кыргыз Республикасындагы жаңы транспорттук-логистикалык түйүндөрдү реконструкциялоого жана курууга катышууга чакырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы ошондой эле экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын экспорттоодогу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын олуттуу потенциалына токтолду.

Ал Германиянын бизнес коомчулугун Кыргыз Республикасын ишенимдүү бизнес өнөктөш катары кароого чакырып, аларды активдүү кызматташууга жана ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга чакырды. Бул багытта Министрлер Кабинетинин башчысы Германиянын кызыкдар бизнес өкүлдөрүнө экономикалык интеграцияны активдештирүү боюнча демилгелерди колдоого даяр экендигин билдирди.

Жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров бул иш-чара практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн өз ара максаттарды алга жылдырууда күчтүү стимул болоорун белгилеп, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын бизнес-коомчулугу ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары жакын арада Кыргыз Республикасынын экономикасына герман инвестициясынын жалпы көлөмүндө жана өз ара соода көрсөткүчтөрүндө чагылдырылат деген ишенимин билдирди.

Количество просмотров: 57