• Жума 12 Теке 2024
  • Пятница 12 Июль 2024

Жапаров Гуттериш менен жолугушууда Газадагы жана Украинадагы кырдаал тууралуу маселе көтөрдү

2 Теке 2024 11:19 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүүдө Кыргызстан Газадагы трагедиялуу өлүмдү эл аралык укуктун одоно бузулушу деп эсептей турганын билдирди.

Ал Газада болуп жаткан гуманитардык кризис кырдаалды ого бетер курчутканын айтып, Кыргызстан БУУнун коопсуздук кеңешинин Газадагы ок атышпоо боюнча резалюциясын кубаттай турганын, чечимди так аткаруу маанилүү экенин билдирди.

“Газада он миңдеген балдардын жана аялдардын каза болушу жана ал жердеги абал адамдык жана гуманитардык укуктун бузулушу”, – деди президент Жапаров.

Ал ошондой эле расмий Бишкек Украинадагы согуштун тезирээк бүтүшүн жактай турганын белгиледи.

Бүгүн, 2-июлда президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен сүйлөшүү өткөрүүдө. Тараптар эл аралык күн тартибин — аймактык маселелердин алкагында кызматташуу маселелерин, аймактык коопсуздукту жана Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талкуулашууда.

Количество просмотров: 57