• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жапаров карыздар убагында төлөнбөсө кайсы объекттер Кытайдын башкаруусуна өтөөрүн айтты

16 Жалган куран 2021 10:32 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген маеги учурунда Кыргызстан Кытайдын Экспорттук-Импорттук банкынан (Эксимбанк) алган насыяны келишимде каралган убагында төлөбөсө айрым объекттер Кытайдын башкаруусуна өтөөрүн билдирди.

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, алар Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ), «Түштүк-Түндүк» альтернативалык жолу жана «Датка-Кемин» электр чубалгысы. Садыр Жапаров бул объекттер карызды жабууга жетпей калса Кытай тараптын андан башка да объекттерди алууга укуктары бар экенин айтты, бирок, алар кайсы объекттер экендигин мамлекет башчысы тактаган жок.

Президент мындай келишимге мурдагы бийлик кол койгонун, өз убагында келишимди андан жумшагыраак түзгөнгө мүмкүнчүлүк болгонун айтып, Кыргызстан тышкы карызды азыркы тапта өз убагында кайтарып жатканын жана мындан ары дагы өз маалында төлөй турганын кошумчалады.

«Бул долбоорду мен алам дейт. Мисалы, ЖЭБ, «Түштүк-Түндүк» жолу, «Датка-Кемин». Ошолорго алганбыз да баарын. Эгер убагында төлөй албай калсак, анда башкаруу ошол тарапка өтүп кетет деп кол коюлуп калыптыр. Алар жетпесе андан башкасын деле алганга укуктары бар. Биз карызды өз убагы менен төлөп берип жатабыз. 2020-жылы 31-декабрга чейин 30 млн. доллар төлөшүбүз керек болчу. Аны төлөп бердик. Каржы булактарын таап, ар жак-бер жактан кылып жатып төлөдүк. Быйыл деле жыл аягына чейин жеңил төлөп кетүү үчүн ишенимдүү булактарыбыз бар», — деди Жапаров.

Бирок президент ал кайсы каржы булактары экендигин ачыктаган жок.

Количество просмотров: 3174