• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров Казакстандын премьер-министри менен жолугушту

25 Бирдин айы 2022 9:59 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Акылбек Жапаров белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-казак мамилелери оң динамикага ээ. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы өз ара соода жүгүртүү көлөмү 30,9%га өсүп, 1059,5 млн долларды түздү. Анын айтымында, өлкөлөр ортосундагы соода көлөмүн эки эсеге жогорулатуу зарыл.

Министрлер Кабинетинин башчысы 2022-жылдын февраль айында Алматы шаарында өткөн эки өлкө ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун I кеңешмесинин жыйынтыгына канагаттануусун билдирди.

«Кыргыз тарап кыргыз-казак чек арасындагы товарлардын тоскоолдуксуз өтүшү боюнча кырдаалга реалдуу убакыт режиминде көз салуу үчүн кеңселерге мониторлорду орнотуу боюнча макулдашууну оң кабыл алды. Бул чек арадагы жүк ташуучу унаалардын топтолуусун четтетүүгө жардам берет деп ишенем. Кыргыз Республикасы үчүн Кыргыз Республикасында жана Казакстан Республикасында өндүрүлгөн товарлар алыскы чет өлкөлөрдөн ташылып келинген импорттук продукциядан айырмаланып, эки өлкөнүн ички рынокторунда артыкчылыкка ээ болушу маанилүү. Биз өлкөлөрүбүздүн ишкерлери/айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү жана соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюуну гана эмес, ошондой эле товарлардын эркин өтүүсүн камсыз кылууну жана кыргыз-казак чек арасында туруктуу кырдаалдын сакталышын жактайбыз», — деп билдирди Жапаров.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов ошондой эле эки республика ортосундагы товар жүгүртүүнүн жагымдуу динамикасын жана анын көлөмүн 2 млрд АКШ долларына жеткирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «Ак-Тилек» жана «Карасу» автожол өткөрүү пункттарынын аймагында индустриалдык соода-логистикалык комплекстерди жана Кыргызстандагы дүң бөлүштүрүү борборун куруу, Бишкек шаарында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалын ачуу жана башка маселелерди талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда Акылбек Жапаров Алихан Смаиловду 2022-жылдын апрель айында Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө жана Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин X жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Количество просмотров: 48