• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Жапаров Казань шаарына жөнөп кетти

23 Тогуздун айы 202415:29 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, XVI БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен Татарстандын Казань шаарына жөнөп кетти.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев.

Эскерте кетсек, алдыдагы саммиттин жүрүшүндө көп тараптуулукту бекемдөөгө, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.

Количество просмотров: 101