• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

«Жапаров кетсин!». Бишкекте соодагерлер митингге чыкты

2 Жалган куран 202314:13 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Максим Горький аянтында бакта соодагерлер митингге чыгышты. Митингге “Дордой-Дыйкан”, “Дордой-Моторс”, “Азиз базар”, Ош базарларынын ишкерлери чыгышкан.

Катышуучуларга Салык кызматынын төрагасынын орун басары Ислам Кыдыргычев чыкты. Бирок ага сүйлөөгө уруксат берилген жок.

Митингчилер президент Садыр Жапаровду жана Жогорку Кеңештин депутаттарын ККМ, ЭТТН киргизүү боюнча министрлер кабинетинин токтомдорун жокко чыгарууну, патент системасынан чыгып, алардын үнүн угууну талап кылышууда.

Белгилей кетсек, катышуучулар контролдук-кассалык машиналарды милдеттүү түрдө киргизүүгө, электрондук накладнойлорду колдонууга, соода ишмердигине бирдиктүү салык салууга каршы. Митингчилер чекене соода үчүн патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Количество просмотров: 93