• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров: Конституцияга каршы чыгып жаткан ана башчынын жүзүн дүйшөмбү күнү ачам

20 Жетинин айы 2020 17:41 Бишкек Govori.TV

Өкмөт башчылык кызматын убактылуу тапшырган Садыр Жапаров Баш мыйзамга каршы чыгып жаткандардын ана башында турган адамдын чыныгы жүзүн ачарын айтты. Мындай билдирүү Жапаровдун Инстаграмдагы баракчасына жарыяланды.

Анын айтымында, бул — бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн башмыйзам эмес, жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам.

«Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө: Бул Баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам», — деп жазылат Садыр Жапаровдун билдирүүсүндө. 

Количество просмотров: 2136