• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров: Конституцияны өзгөртүүдөгү жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде, Жогорку Кеңеште, элде болот

16 Жалган куран 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна берген маеги учурунда айтты.

“Жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Алар ар тармактан чогулган 98 киши. Президенттин жарлыгы менен түзүлүп, ошолор чечти. Алардын эшиги ачык болду. Башында 70тей эле киши түзүлсө керек эле, кийин каалаган киши кирип отуруп, 98ге жетти. Алар даярдап, Жогорку Кеңешке алып келип берди. Жогорку Кеңеш өзгөртүүсүз эле референдум мыйзамы менен алып чыгышты. Биринчи жоопкерчилик Конституциялык кеңешмеде болот. Анан Жогорку Кеңеште. Анан, албетте, элдин өзүндө. Эгер эл каалабаса, бул Конституцияны кабыл албай койсо да болот, каршы добуш берсе да болот. Бирок мен элдин баары каршы бербейт деп ойлойм. Анткени эл 30 жылдан бери саясатты «жиликтеп», үйрөнүп калды», — деди президент.

Садыр Жапаров 15-мартта «Азаттык» радиосуна курган маегинде конституциялык реформа, парламентаризм, Жогорку Кеңештин ишмердиги, ички — тышкы саясат, экономиканын абалы, тышкы карыз, адам укуктары сыяктуу бир катар суроолорго жооп берди.

Эске салсак, президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын долбоорун даярдоо 10-январга чейин эле башталып, атайын Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Кеңешме иштеп чыккан Конституциянын долбоору боюнча өлкө жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек. Ушул эле күнү жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо да болот.

11-мартта Жогорку Кеңеш сөз болуп жаткан мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добуш берген.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун шашылыш кабыл алдырууга аракеттер болуп жатканы айтылып, депутаттардын жыйындары сындар менен коштолгон.

Ал эми премьер-министр Феликс Кулов өлкө башчы Садыр Жапаров менен жолугуп чыкканын айтып, ал менен учурдагы саясий абал, анын ичинде конституциялык реформа тууралуу сөз болгонун билдирген.

“Садыр Нургожоевич азыр тышкы саясат жана экономикалык маселелерди чечүү, инвестицияларды тартуу жана башка кечиктирилгис маселелерди чечүү менен алек болуп жаткандыктан, баардык нерсени деталдаштырууга мүмкүнчүлүк жок деп жооп берди. Мындан тышкары, Конституциялык кеңешменин башчысы Б.Бөрүбашев жана башкалар аны иштелип чыккан долбоор өлкөдө президенттик башкаруунун формасын орнотуу боюнча референдумда айтылган элдин эркине толук дал келет деп ишендиришти. Ошондуктан, Президент кийлигишпөөнү чечти жана депутаттарга бардык болгон сунуштарды, талаптарды карап чыгууга жана көз карандысыз жооптуу чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк берди”, — деп жазган Кулов.

Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга 12-мартта кол койгон.

Жаңы долбоор боюнча, президент 5 жылдан эки жолу шайланууга мүмкүнчүлүк алат.

Мамлекет башчысы аткаруу бийлигин толук көзөмөлдөйт. Азыркы өкмөттүн ордуна Министрлер кабинети түзүлөт. Министрлердин кабинетин жетектеген адам президенттик администрацияны да башкарып калат.

Количество просмотров: 169