• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Жапаров: Координациялык кеңеш бул жапайычылык

6 Тогуздун айы 202018:20 Бишкек Govori.TV

«Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйынын өткөрүү үчүн чогулуп жатышат. Азырынча кворум тууралуу так маалымат жок. Кворум үчүн 61 депутат болушу керек.

Ал жерге келген Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатат.

«Координациялык кеңеш деген мыйзамсыз орган. Буга чейин 2 жолу көргөнбүз (2005-2010-жылдары). Мен дагы бардым (координациялык кеңештин бүгүнкү жыйыны тууралуу), жарымы менен сүйлөштүм. Ал жерде пикир келишпестик боло берет экен. Мен төрага болоюн деп талашкандар болот экен.

Бул жол менен кетсек мыйзамсыз. Биринчиден башка мамлекеттер кабыл албайт.

Кворум болду, азыр чечимди кабыл алабыз деп жатышат», — деген Садыр Жапаров адилеттүүлүк, мыйзамдуулукту орнотууну максат кылып жатканын айтты.

Айрым мамлекеттик органдарда кызмат орундарды күч менен басып алгандарга кайрылып: «Эгерде жетекчиси кетсе, анда орун басарлары иштеп турсун, азыркы системаны кулатпагыла», — деп чакырды.

Садыр Жапаров өкмөткө, бийликке мурунку эле чиновниктер келбесин деген талапты колдой турганын кошумчалады.

Количество просмотров: 247