• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Коронавирус экономиканы коронакризиске алып келүүдө

1 Чын куран 2020 13:14 Бишкек Govori.TV

Коронавирус экономиканы коронакризиске алып келүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

«Күнүнө 200-300 млн сом ички дүң продуктуну жоготуп жатабыз. Коронавирус экономиканы коронакризиске алып келип жатат. Сиздин антикризисдик пландарыңызды же сиздин командаңызды укпай жатабы? Качан так план пайда болот? Жоготуулар канча болот?», — деди ал.

Суроого экономика министри Санжар Муканбетов: «Экономика министрлиги өкмөт менен кошо экинчи маселе боюнча чогулдук. Негизинен экономика боюнча болжолдоодо 5 пайыза чейин өсүү болчу. Февралда 3 пайызга түштү. Учурда алдын ала божомол боюнча өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал улана берсе 6,8 минуска кетебиз. Экономиканы жандандыруучу иш-аракеттерди карап жатабыз. Биринчи пакет (маселе) бул ишкерлерге колдоо көрсөтүү болсо, 2-3 маселе экономиканы жандандыруу үчүн механизмдерди киргизүү», — деп жооп берди.

Количество просмотров: 302