• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Жапаров: Коррупцияга каршы күрөшүүдө жылыш болбой жатат

19 Теке 2022 11:02 Бишкек Govori.TV

Коррупцияга каршы күрөшүүдө жылыш жакшы болбой жатат. Бул тууралуу бүгүн, 19-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, паракорчулук бүгүнкү күндө дагы бардык мамлекеттик кызматтарда болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизип жатат.

“1997-жылдан тарта мамлекеттик органдарда коррупция боюнча 16 миң 639 кылмыш иши козголгон. Алардын ичинен 12 миң 69у кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча иштер. Адамдык факторду азайтып, коррупцияны ооздуктоо үчүн электрондук башкаруу кирип жатат. Балким айлыктын аздыгынан улам жемкорлук болуп жатат деген таризде маяналар көтөрүлдү. Мындан улам биз коррупция менен жетиштүү дэңгээлде күрөшүп, ийгиликтүү жыйынтыкка жетебиз деп ниеттенүүдөбүз”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча Координациялык кеңештин жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Президентке караштуу коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова жана башка мамлекеттик жетекчилер катышууда.

Количество просмотров: 2028