Садыр Жапаров 31-мартта Кожентке Нооруз майрамын белгилөөгө барат. Бул тууралуу Жапаров “Ынтымак Ордодогу” Кыргызстан менен Тажикстандын президенттеринин жана мамлекеттик кызматкерлеринин катышуусунда өтүп жаткан кеңейтилген жыйында айтты.
Эске салсак, бул күнү Кожент шаарында тарыхта биринчи жолу Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан президенттеринин үч тараптуу саммити өтөт.
Президент өз сөзүндө Эмомали Рахмонго чакыруу үчүн ыраазычылык билдирген.
«Нооруз майрамын биргелешип белгилөө Борбор Азия өлкөлөрүнүн достугун, ынтымагын билдирген салтка айланат деп ишенем», — деген Жапаров.