• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров “КРнын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга кол койду

17 Жетинин айы 2021 16:57 Бишкек Govori.TV

Президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 30-сентябрында кабыл алынган.

Конституциялык мыйзам Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусун, судьялардын көз карнадысыздыгынын кепилдиктерин, Кыргыз Республикасынын судьяларын шайлоо, дайындоо тартибин, аларды которууну (ротациялоону), кызматтан бошотууну, судьялардын жоопкерчилигин, алардын ишин материалдык жана социалдык жатан камсыз кылуу чараларын жана ушул статуска байланышкан башка жоболорду аныктайт.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Кыргыз Республикасынын Конститутциясынын 94-99- беренелеринин жоболорун реализациялоо максатында кабыл алынган.

Количество просмотров: 226