• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров: Кумтөр боюнча эл аралык сотко даярданып жатабыз

12 Бугу 2021 18:09 Бишкек Govori.TV

“Кумтөр Голд” компаниясынын ишин иликтеп жаткан мамлекеттик комиссия ишкана боюнча маселени чечүүнүн үч жолун сунуштоодо. Бул тууралуу 12-майда комиссиянын отурумунда анын төрагасы, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров билдирди.

Жапаровдун айтымында, юристтер эл аралык арбитражга даярдана берүүнү сунуш кылууда:

“Эл аралык сотко биз даярданып жатабыз. Биринчи Кыргызстандын соттору, юристтер менен бүт далилдердин баарын алып, эгер алар эл аралык сотко барса, балким, биз алардан биринчи сотко беришибиз керек. Биз “Барганда утулабыз” дебей, “Биринчи өзүбүздун соттордун баарын бүтүрүп, далилдерибиз менен барганда утабыз” деп, эгер утпай калсак утулуп калышыбыз мүмкүндүгүн эске алып, экөөнүн ортосунда сүйлөшүү процесси же тынчтык келишими бар деген үч жолду көрсөтүп жатабыз парламентке. Мурунку президенттер жана өкмөт башчылары “Эл аралык сотко барсак эле утулабыз, ошондуктан барбай эле коелу” деген бүтүмдөрдү эмненин негизинде чыгарганын таба албай койдук”.

Жапаров билдиргендей, эл аралык арбитражда териштирүү жарым жылдан он жылга чейин созулушу ыктымал.

Ошону менен катар Жапаров комиссия “Кумтөр Голд” ишканасына убактылуу башкаруу киргизип, май айынан тартып алтынды Кыргызстанда калтырууну сунуш кылып жатканын билдирди жана “Майдан баштап алтын Кыргызстанда кала берсе 2-3 жыл Кудайдын жардамы менен соттошсок 30-50 тонна алтыныбыз болсо кимиси менен болсо да соттошо беребиз” деп белгиледи.

Бүгүнкү жыйында «Кумтөр Голд» Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөөгө милдеттүү экени айтылды.

Количество просмотров: 306