• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров куткаруучуларды кесиптик майрамы менен куттуктады

1 Теке 2023 10:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөнүн куткаруучуларын кесиптик майрамы — Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

«Урматтуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери!

Урматтуу куткаруучулар!

Куткаруу кызматынын кадырлуу ардагерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Куткаруу кызматы ар дайым кооптуу жагдайларга, кыйчалыш кырдаалдарга бет келишип иштөөсү менен өзгөчөлөнөт. Биз куткаруучуларыбызды башкалардын өмүрүн сактап калууга, табигый жана техногендик кырсыктардын кесепеттерин жоюуга өз өмүрүн тобокелге салып, арнаган чыныгы атуулдар деп билебиз. Сиздер кандай гана өзгөчө абал жаралбасын, адам өмүрүн биринчи орунга коюп, ар дайым алгачкылардан болуп кол сунасыздар. Мына ошондуктан сиздердин кесипти демдүү-күчтүү, кайраттуу, эр жүрөк адамдар гана аркалай алышат.

Биздин куткаруучуларыбыз эр жигитти сынай турган күчтүү эрк, бекем сабыр менен жогорку психологиялык даярдыкта экенине ишенем. Мунун баары тарыхта тайманбастыгы, жоомарттыгы, акыйкатты туу туткандыгы менен таанылган ата-бабаларыбыздын эр мүнөз, асыл сапаттарынан өткөндүгү талашсыз.

Буга кечээ жакында эле дүйнөнү дүрбөлөңгө салган боордош Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттеринен адам өмүрлөрүн куткаруудагы биздин куткаруучуларыбыздын эмгеги күбө. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары күнү-түнү издөө-куткаруу иштери менен тынымсыз алектенип, натыйжа көрсөтө алышты. Демин ичине катып, абай салып олтурган элибиздин үмүт-тилегин актап, байыркы улуу кыргыз урпагы экенин дагы бир жолу далилдеп беришти.

Тоолуу аймакта жайгашып, ар кандай табият кырсыктары болуп турган Кыргыз Республикасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, анын ичинде Куткаруу кызматы, улуттук коопсуздук тутумунда өзгөчө орунду ээлейт. Мына ошондуктан, мамлекет тарабынан өзгөчө кырдаалдарды, жаратылыш кырсыктарын алдын алууга жана куткаруу иштеринде зарыл болгон керектүү техника менен камсыз кылууга басым жасалууда. Мындан сырткары, куткаруучуларыбызды ар тараптан колдоо аракеттери улантылат.

Мындай олуттуу кесипти татыктуу аркалап жаткан жаш муун өкүлдөрүнө баа жеткис тажрыйбасы менен бөлүшүп, тарбия-билимин арнап келе жаткан ардагерлердин эмгеги опол тоодой экенин баса белгилейм.

Ардактуу кесиптин ардагерлери баштаган куткаруучуларыбыздын баарына жалпы кыргыз журтчулугунун атынан ыраазычылык билдирем.

Ак ниет кызматыңыздардан жазбай, ар дайым элдин бата-тилектерин алып, алкоосуна арзып, аман болуңуздар.

Ишиңиздерге ийгилик, үй-бүлөңүздөргө тынчтык каалайм.

Жараткан Кыргызстаныбызды ар кандай апаат-кырсыктардан сактасын!».

Количество просмотров: 85