• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров «Кыргызкөмүрдүн» директорунун орун басарын кызматтан бошотту

26 Жетинин айы 2021 16:44 Бишкек Govori.TV

«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун орун басары Бекжанов Надырбек Кабылович ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик ишкананын коммерциялык директору Чокморов Тимур Элдияровичти да ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.

«Бул чечим аталган адамдардын кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кабыл алынды. Алардын иши канааттандырарлык эмес деп табылганына байланыштуу ушундай чечим кабыл алынды», — деп кошумчалады президент.

Количество просмотров: 286