• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жапаров: Кыргызстан өзүн-өзү электр энергиясы менен толук камсыздай алат

25 Үчтүн айы 2022 17:07 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан авариялык кырдаалдан улам Борбор Азия энергетикалык шакекчесинен чыгып, ички ресурстарга кошуу менен электр энергиясын калыбына келтирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстан менен Казакстан да ички шакекчелерин колдонууга өткөн.

«Биз дагы ички мүмкүнчүлүктөрүбүз менен энергетиканы иштетип жатабыз. Негизи ички шакекчелер аркылуу деле такай камсыз кыла алабыз. Электр энергиябыздын үчтөн эки бөлүгү түштүк аймакта. Ал тараптан Өзбекстанга, түндүк жактан Казакстанга жакыныраакпыз. Өзбекстан Казакстанга жакыныраак. Мындан улам биз Өзбекстанга, алар Казакстанга берип, Казакстан кайра биздин түндүк региондорго электр тогун жеткирип турат. Шакекче ушундай система менен иштейт. «Эгер мындай болбосо, ички шакекчебиз менен камсыздай алабызбы?» деген суроого бүгүн жооп бердик», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 113