• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров Кытай менен дипломатиялык мамиленин 30 жылдыгын онлайн белгилейт

24 Үчтүн айы 2022 13:52 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров эртең, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын (КЭР) мамлекет башчыларынын жамааттык онлайн жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кытай тараптан демилгеленген “Борбордук Азиянын мамлекеттери — Кытай” онлайн-саммитине КЭР төрагасы Си Цзиньпин, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн кеңири спектри, ошондой эле көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

Онлайн-саммиттин жыйынтыгында дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Борбордук Азиянын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекет башчыларынын Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынат.

Белгилей кетсек, Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган.

1992-жылдын 5-январында Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлган.

Эки тараптуу мамилелердин негиз салуучу документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим да саналат.

Количество просмотров: 91