• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жапаров Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна расмий сапар менен барат

14 Баш оона 2023 15:38 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакынкы күндөрү Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна расмий сапар менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь бүгүн визитти даядоо жана өткөрүү маселесин талкуулашты.

Ошондой эле алар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2023-жылдын май айында Кытайга мамлекеттик сапарынын жана «Борбордук Азия-Кытай» Саммитине катышуусунун жыйынтыктары боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.

«Андан тышкары, 2023-жылдын октябрында Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цяндын Кыргызстанга боло турган расмий сапары талкууланды», — деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Учурдан пайдаланып, министр Кулубаев Ван Инин Кытайдын Тышкы иштер министри болуп дайындалышына байланыштуу куттуктоо сөздөрүн айтып, аны каалаган убакта Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Количество просмотров: 104