• Шаршемби 17 Чын куран 2024
  • Среда 17 Апрель 2024

Жапаров Кытайга барат

29 Бирдин айы 2024 12:26 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2024-жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат.

Министрлер кабинети тараткан маалыматка ылайык, жумушчу сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, ККПнын Борбордук Комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстан Республикасынын Премьер министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле Минкаб башчысынын «Эркечтам-автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат. Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.

Количество просмотров: 76