• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Жапаров Кытайга качан барары айтылды

16 Бугу 2023 13:03 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров 18-20-майда Кытайга мамлекеттик сапар менен барат. Ошондой эле мамлекет башчысы сапардын алкагында «Кытай-Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Алдыдагы сапардын алкагында КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландаштырылууда. Эки өлкөнүн лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча кызматташтыкты тереңдетүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашат.

Ошондой эле президент Садыр Жапаровдун Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Кытай Элдик Саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин жана КЭРдин башка расмий өкүлдөрү жана бизнес чөйрөлөрү менен жолугушуулары пландалууда”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Количество просмотров: 118