• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жапаров: Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат

26 Жетинин айы 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кырдаал кооптонууну жаратып жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

«Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн Кыргызстан өзү өндүргөн базалык продуктулар менен эң аз дегенде 80% камсыз кылыш керек. Ал эми мамлекеттик материалдык резервдеги запастар калктын 90 күндүк муктаждыгын жабууга тийиш.Тилекке каршы, статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай, азыркы учурда Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээли критикалык абалда турат. Өздүк өндүрүштүн эсебинен биз өзүбүздү нан азыктары, эт, шекер жана жумуртка сыяктуу продуктулар менен болгону 40%, ал эми өсүмдүк майы менен 24% гана камсыз кыла алабыз», — деди президент.

Количество просмотров: 145