• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жапаров: Өлкөгө чакан атомдук электр станцияларын куруу ниетибиз бар

15 Бирдин айы 2022 12:24 Бишкек Govori.TV

Өлкөгө чакан атомдук электро станцияларды куруу ниетибиз бар. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 15-февралда өткөн маалымат жыйында билдирди.

«Биз жаңы доорго өттүк. Атомдук электр энергия жана нанотехнология менен электр өндүрүү бүгүнкү күндүн талабы. Биздин кошуналар Өзбекстанда 100 чакан АЭСтин башын бириктирген ири атомдук станцияларды куруп жатат. Орусия да бул иштер активдүү жүрүүдө. Белоруссия куруп бүттү. Мына жакында эле коңшу Казакстандын президенти да АЭС куруларын айтты. Өзбекстанда болсо иштер эбак башталган. Негизи АЭС бир күндө эле курула турган нерсе эмес. Ири АЭСтерди куруу 50 жылдан 100 жылга чейинки убактысы бар. Биз дагы кошуналар сыяктуу ири реактордуу станцияларды курбасак да, чакандарын салууга аракет кылабыз. Бул ниетибизди билдирип, энергетика министрлиги менен «Росатом» ишканасы меморандумга кол коюшкан. Биз мунун үстүндө иштеп, окумуштууларыбыз илимий изилдөөлөрүбүздү улантышы керек», — деп билдирген Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, Жапаров Министрлер кабинетинин жаңы курамы түзүлгөндөн кийин алгачкы жолу басма сөз жыйынын берүүдө. Ал 2021-жылдын октябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы болуп дайындалган.

Количество просмотров: 50