• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Жапаров: Лондондо Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо боюнча презентация кылдык

27 Бирдин айы 2024 12:22 Бишкек Govori.TV

Лондондо Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо боюнча презентация кылдык. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 26-февралда өткөн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында билдирди.

“28-майда Женевада “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору боюнча презентация жасайбыз. Өткөндө Лондондо Кызыл-Омпол, Жетим-Тоо боюнча презентация жасап келдик. Камбар-Ата-1” долбооруна буюрса 500 млн доллар таптык. Курулуп бүткүчө дагы 500 млн долларын бюджеттен берели деп атабыз. Быйыл күзгө чейин көпүрө, жумушчулар жашай турган шаарчаны куруп бүтүрөбүз. ГЭСти толук аягына чыгарыш үчүн 4,5 млрд доллардын тегерегинде каражат керек. Буюрса Женевадан ушул акчаны таап келип, “Камбар-Ата-1” ГЭСин курсак биз энергетикадагы таңкыстыкты жоёбуз”, — деди ал.

Количество просмотров: 154