• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров Текебаевдин Маевскийден 1 миллион алганын далилдеп берерин айтып чыкты

24 Жетинин айы 2020 9:57 Бишкек Govori.TV

Садыр Жапаров 7-каналга маек берип, бир катар суроолорго жооп берди. Анда ал Өмүрбек Текебаевдин орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 миллион доллар алганы чын деп билдирди.

«Өмүрбек Текебаев Маевскийден 1 миллион долларды алган. Муну бардык саясий элиталар, керек болсо Кулов да билет. Ал калп десе Өмүрбек Суваналиев тастыктап берет. Мен дагы тастыктап берем. «Мегакомду» эки топ сата турган болгон. Бирөө Текебаевдин тарабы болчу, экинчиси башкалар болчу. Текебаевдин тарабы Маевскийге сатабыз деп сүйлөшүп, алдын-ала 1 миллион долларын алып, 2010-жылдагы шайлоого жумшаган. Андан кийин шайлоодон өткөндөн кийин «Мегакомду» сатмак, дагы калган акчасын чөнтөк кызыкчылыгына алмак. Ошол мезгилде «Мегакомду» чырылдап жүрүп мен сактап калгам», — деди Жапаров

Ал эми 24-ноябрда айтылгандар боюнча саясатчы Феликс Кулов социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазды.

«Азыр мага Садыр Жапаровдун сөзүн айтышты. Мен жөнүндө айтылган бул сөздөр эмнеге негизделгенин билбейм, бирок тергөө учурунда жана сотто ант берип, айткандарымды гана кайталай алам. Эми Садыр Жапаровдун бүтүндөй саясий элита деген билдирүүсү боюнча сотко кайрыл, жарандык милдетиңди аткар жана ошол жерде керектүү далилдерди бер, бирок мени интригаларга жана жалгандарга аралаштырба деп айткым келет», — деген Кулов.

Эске салсак, Бишкектеги Биринчи май райондук соту 23-ноябрда активист Темирлан Ормуковдун Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын жокко чыгаруу боюнча арызын канааттандырды.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы депутатынын мандатын 15-октябрда алган.

«Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз 12-октябрда депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, аны партия лидерине берүүнү БШКнын төрайымынан өтүнүп, арыз жазган.

Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду үй камагына чыгарган. Иш ушул тапта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда алардын иши кайра каралып жатат.

Текебаев мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылдын ноябрь айында ажыраган.

Количество просмотров: 1718