• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жапаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши менен таанышты

13 Үчтүн айы 202217:01 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты. 

Жыйындын жүрүшүндө ипотекалык насыялоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде эл аралык жана атамекендик финансы институттарынын кредиттик каражаттарын тартуу, жаңы финансылык продуктыларды ишке киргизүү маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, 2021-жылы Министрлер кабинети Мамлекеттик ипотекалык компанияны 5,2 млрд сомго капиталдаштырган, ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасы кабыл алынган.

Количество просмотров: 281