• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жапаров Матраимов боюнча пикирин айтты

23 Тогуздун айы 2021 14:17 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кайра кызматка алып келүү тууралуу мамлекеттин саясаты жок экенин айтты.

«Матраимов 2 миллиард сом бюджетке төктү. Андан сырткары соода борбору, үйлөрүн алып төгүп берди. Ал өз күнөөсүн мойнуна алды. Аны мененджер деп айткандар өзүн блогер деген адамдардын чыгарып алганы болсо керек. Мамлекеттин андай саясаты жок», — деди ал.

Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Матраимовду парламент трибунасынан колдоп, андан кеңеш алууга чакырышкан.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйыны өтүп жатат.

Количество просмотров: 999