• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Мекенди коргоодон ыйык милдет жок

3 Чын куран 2021 15:50 Бишкек Govori.TV

Өз үйүн, мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-апрелде Баткен облусундагы аскерий машыгууда билдирди.

Президенттин айтымында, өлкөдө прогрессивдүү кадамдарга, бийлик системасын реформалоого жана коррупцияга каршы күрөшкө карабастан, ар кандай деструктивдүү күчтөр улуттук кызыкчылыктарга зыян келтирип, кырдаалды курчутуу аракеттерин улантууда.

«Терроризм менен экстремизм дүйнө жүзүнө коркунуч келтирип турганда өз үйүн, мекенин коргоодон артык ардактуу жана ыйык милдет жок. Өткөрүлгөн машыгуулар Кыргызстан гана эмес, Борбор Азия регионунун коопсуздугун бекемдөөгө салым кошоруна ишенем. Ата Мекенибиздин тынчтыгы жана гүлдөп өнүгүүсү үчүн татаал, бирок ардактуу милдетти аркалаган баарыңыздарга ийгилик каалап кетүүгө уруксат этиңиздер», — деди Жапаров.

Ал бир башчыга баш ийүү принцибин сактоо үчүн Куралдуу күчтөрдө вертикалдуу башкарууну орнотууга мүмкүнчүлүк түзүүчү Коргоо министрлигин кайрадан түзгөнүн белгиледи.

Мамлекет башчы бүгүн Бужум аскер полигонуна барып «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу этабына байкоо салган.

Количество просмотров: 139