Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн 15-февралда маалымат жыйын өткөрүп, анын отставкага кетери боюнча тарап жаткан кептерге жооп берди.
«Эртең менен намаз окуган адам катары айтайын, келечекте эмне болору белгисиз, баары кудайдын колунда. Ал эми өткөн нерсе өттү. Мага чейин канча адам отставкага кетти. Мен кетип калганга дагы, иштей бергенге дагы даярмын. Бааны эл менен президент берет. Эртең мененки саат 7:00дө келип, 22:00гө чейин иштейм. Экономикада сыйкырдуу таякча жок, стабилдештирүү үчүн кеминде үч жыл керек», — деди Жапаров.