Бүгүн, 22-ноябрда Бишкек шаарынын четиндеги «Ала-Тоо 3» конушунда президент Садыр Жапаров эл менен жолугуп жатат.
Жер маселеси боюнча жолугушууга болжол менен миңдеген жаран чогулган. Чогулушка айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей коюшту. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.
Кошумчалай кетсек, «Жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам быйыл 15-августта күчүнө кирген. Ага ылайык, бир жарым миң гектар жерге документ берилгени жатат.