• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров менен Путин телефон аркылуу эмнени сүйлөштү?

10 Чын куран 2023 15:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-апрелде президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет лидерлери кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыктын актуалдуу маселелерин, эл аралык аймактык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров жана Владимир Путин алдыдагы эки жана көп тараптуу форматтардагы иш-чаралардын графиги боюнча пикир алмашты.

Тараптар эки элдин жана мамлекеттердин бакубаттуулугу үчүн кыргыз-орус мамилелерин мындан ары да бекемдөө ниетин ырасташты.

Количество просмотров: 74