• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров менен Путиндин жолугушуусу. Кыргызстандын тышкы саясаты кайсы багытта өнүгөт?

25 Бугу 2021 18:13 Бишкек Govori.TV

Кыргыз президенти Садыр Жапаров Орусия лидери Владимир Путин менен экинчи жолу бетме-бет жолукту.
Андагы талкууланчу негизги темалардын бири – чек арадагы соңку жаңжал. Бирок Орусиянын лидери буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен дагы жолукканын белгилей кетүү керек. Путин Орусия кыргыз-тажик чек арасындагы чырга дыкаттык менен көз салып турганын билдирип, эки өлкө ортосундагы курч маселелерди чечүүдө колунан келген жардамын кыла турганын айтты.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров чек арадагы түзүлгөн кырдаалга тынчсызданганы үчүн орус лидерине ыраазычылык билдирди.

Сочиде өткөн жолугушууда ошондой эле кыргыз-орус эки тараптуу кызматташуусунун учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, акыркы жолугушуунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашырылышы, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүүнүн артыкчылыктуу пландары талкууланды.

Тышкы саясат боюнча эксперт Аскар Бешимов жаңы келген президенттер коңшу мамлекеттер менен алака түзүүдө баарын башынан баштай турганын айтып, орус-кыргыз ортосунда буга чейин тузүлгөн келишимдердин келечегин Жапаров тартынбай эле талап кылышы керектигин белгиледи.

Саясат таанучу Шерадил Бактыгулов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык мамилелер солгундап калганын эске салып, бул жаатта алгылыктуу иштерди алып баруу зарыл экенин айтат.СНХ; Шерадил Бактыгулов-саясат таануучу

Акыркы мезгилде коомчулукта жаңы бийликтин келиши менен кыргыз-орус мамилеси салкындап калганын айткандар бар. Саясий серепчи Эмил Жураев президенттердин бул жолку жолугушуусу эки мамлекеттин ортосунда мамиле түз экендигин ырастагылары келди деген пикирде.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгулдун пикиринде, президент Жапаров көбүн эсе ички саясат менен алек болуп, тышкы саясат көңүл сыртында калды.

Деген менен аракеттеги президент Садыр Жапаров көп багыттуу тышкы саясат алып барарын айтып, бирок Орусиянын өзгөчө орду тууралуу айтканы бар.

Кыргызстан КМШ, ЕАЭБге мүчө өлкөлөр ичинен соңку жылдары Орусияга көбүрөөк ыктаган мамлекет болуп жатат. Айрым серепчилер Атамбаев, Жээнбековдун башкаруу тушунда расмий Бишкек Кремлге көз каранды болушканын белгилеп келишет. Ошол эле учурда башка эксперттер Орусиянын да Кыргызстан менен кызматташууга кызыкчылыгы бар экенин айтышууда.

Количество просмотров: 293