• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жапаров «Мир» карталарын тейлөөнүн токтотулушу боюнча түшүндүрмө берди

12 Чын куран 2024 10:24 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине Кыргызстанда банктар Орусиянын “Мир” карталарын тейлөөнү токтотушу тууралуу комментарий берди.

Өкмөт башчы “Мир” картасы көбүнчө орусиялыктарга эмес, Кыргызстанга пайда алып келип жатканын, себеби Орусияда иштеп жүргөн 1 миллиондон ашык кыргыз жараны акча которууда “Мирди” колдонуп келишкенин айтты.

“Биринчиден, биз эч кандай санкциядан коркпойбуз. Жашоо санкция менен деле улана берет. Экинчиден, санкция киргизгенге негиз да жок. Үчүнчүдөн, “Мир” картасын биз токтоткон жокпуз. Биз тейлөө токтотулгандан кийин билип калдык. Себеби МПЦ өкмөткө карабайт. МПЦны (Банктар аралык процессинг борбору — ред) коммерциялык банктар көзөмөлдөйт. Улуттук банкты да угушпайт экен. Коммерциялык банктар МПЦнын 54% көбүнө кожоюндук кылышат экен. Балким ошол коммерциялык банктар санкцияга түшүп калбайлы деп чочулашса керек деп ойлойм”, — деди ал.

“Банктар аралык процессинг борбору” 3-апрелден тарта Орусиянын “Мир” карталарын тейлөөнү токтотуп, терминал аркылуу төлөмдөрдү жана банкоматтардан накталай акча алууну, картадан картага каражат которууларды токтоткон.

Количество просмотров: 87