• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жапаров Мирзиёевди Кыргызстанга чакырды

12 Жалган куран 2021 9:46 Бишкек Govori.TV

 Кыргызстан бир тууган Өзбекстан менен жогорку деңгээлдеги мамилелерге ар дайым өзгөчө маани берет жана түзүлгөн тыгыз кызматташтыкты чыңдоого, тереңдетүүгө даяр. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 11-мартта Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарына жасаган билдирүүсүндө билдирди.

Садыр Жапаров коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күрөштүн туу чокусунда жана өткөн жылдагы саясий кайра курумдар учурунда Кыргызстан бир тууган Өзбекстандын колдоосун толук сезгенин эске салды.

Буга байланыштуу азык-түлүк, медициналык шаймандар, ооруканаларды куруу түрүндө көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн чоң Шавкат Мирзиёевге жана Өзбекстан элине ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров белгилегендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары ар тараптуу кыргыз-өзбек кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнүн кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты жана бир катар чечимдер кабыл алынды.

«Биз эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү, интеграциялык жана эл аралык уюмдардагы өз ара байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө өзгөчө көңүл бурдук. Ошондой эле Шавкат Миромоновичти каалаган ыңгайлуу убагында Кыргызстанга жооп сапары менен келип кетүүгө чакырдым», — деди Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ушул тапта Өзбекстанда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Ал  Ташкентте парламент жана өкмөт жетекчилери менен да жолугушуу өткөрүп, кыргыз-өзбек бизнес форумунун ишине катышат.

Количество просмотров: 97