• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Жапаров: Мугалимдердин айлыгын эки эсе жогорулатуу тапшырмасы берилген

13 Тогуздун айы 2021 12:12 Бишкек Govori.TV

2022-жылы мугалимдердин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын, президенттин администрациясынын жетекчисинин милдетин аткаруучусу Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаров тарабынан мугалимдердин эмгек акысын эки эсеге жогорулатуу боюнча тапшырма коюлган.

“Ал үчүн салыкты фискалдаштыруу, аткезчиликти жоюу, көмүскө экономикадагы акчаны иреттеп алыш керек. Айлык салык көбөйгөндө гана өсөт. Алдыдагы биринчи кварталдын динамикасын карап, мүмкүнчүлүк болсо мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт”, — дейт ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев: “2022-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз деп айта аласызбы?” деген тактоочу суроосуна Жапаров: “Көтөрөбүз” деп жооп узатты.

Количество просмотров: 502