Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына жалпысынан 63 депутат катышууда, алардын ону ишеним кат жазып беришкен. Ага Садыр Жапаров келди.
Өкмөт башчылыкка сунушталган Садыр Жапаровго өкмөттүн программасын жана курамын тааныштыруу үчүн сөз берилди.
Депутаттардын алдында сөз сүйлөгөн Жапаров кырдаалга байланыштуу кыскача программасын окуп берди. Анын айтымында өкмөт мүчөлөрү өзгөрбөйт.
«Азырынча мурунку өкмөттүн мүчөлөрү менен иштешебиз. Кырдаал ушундай болуп жатат. Бирок убактылуу», — деди ал.