• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жапаров: Кытайдын карызынан кутулуунун жолдору изделип жатат

12 Жетинин айы 2020 14:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 12-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Анда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, тышкы карызды төлөөнүн жолдору изделип жатканын айтты.

Журналист коомчулукта сөз болуп жаткан Нарындагы Жетим-Тоонун Кытайга карыз үчүн кандайдыр бир пайызы берилет экен деген кептер тууралуу суроо салды.

«Жетим-Тоонун бир пайызы эмес, бир тал куму берилбейт. Баарын өзүбүз иштетебиз. Сөз болуп жаткандардын баары айдың кептер. Белгилүү болгондой ал тоонун сырьёсу менен көп каражат алуу мүмкүн экени айтылган. Азыркы тапта Кытай карызынан кутулуунун башка жолун издеп жатабыз», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 70