• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жапаров Ош мэриясын сындады

17 Үчтүн айы 2023 15:53 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарына жакын жайгашкан Озгур айылындагы насостук станцияда болду.

Текшерүүнүн жүрүшүндө жамгыр көп жааган маалда Ак-Буура дарыясындагы суунун ылайлануусунан улам ичүүчү суу берүү токтотулуп жаткандыгы айтылды.

Министрлер кабинетинин башчысы Ош шаарынын мэриясынын шаардыктарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча ишин сынга алды.

«Мен өткөн жылы республикалык бюджеттен каржы бөлүүнү жана бул маселени чечүүнү сунуштаган элем, бирок Ош шаарынын мэриясы маселени өз алдынча чечүүгө аракет кылган. Бүгүнкү күнгө чейин маселе чечиле элек. Эгер ушундай маанилүү маселелерди чече албасаңыздар, ээлеген кызматтарды бошотуңуздар. Маселени чече ала турган адамдар чыгат. Ичүүчү таза суу – адамдын эң негизги муктаждыгы», — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жапаров так эсептөөлөрдү даярдап, жакынкы аралыкта долбоорду сунуштоону тапшырды.

Количество просмотров: 49