• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жапаров президенттин командасын Манастын «Кырк чоросуна» салыштырды

23 Жетинин айы 2023 11:45 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында 2022-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча отчетту, 2023-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелерин кароо алкагында президент Садыр Жапаровдун командасынын негизги жетишкендиги катары саясий коррупцияны демонтаждоо болгондугун айтты.

«Урматтуу Президентибиз өзүнүн акыркы интервьюсунда: “Коррупциянын тамырын 100 пайыз кыркып бүтө элек болсок дагы, 90 пайызын жойдук. Ошол үчүн бюджетибиз көтөрүлүп жатат” деди. Чындыгында 30 жылда өлкөнү басып кеткен саясий коррупция демонтажталды. Анын эң башкы далили – Кумтөр, ал элге кайтарылд. Мындан тышкары Мегаком (300 млн$), Бител (75 млн$), Манас банк (18 млн$), Таш-Көмүрдөгү (60 млн$) завод кайтарылды. Эл аралык арбитраждык 11 иш боюнча жеңишке жеттик. Саясий коррупцияга каршы күрөштүн акыркы эпизоду уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш болду, анткени бул дагы саясий коррупциянын элементи катары саналган жана акыркы 30 жылда өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүнүн шарты», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, президент мамлекетти иретке келтирүү үчүн министрлер кабинетинин төрагасы менен анын орун басарлары ортосунда милдеттерди так бөлүштүргөн. Тактап айтканда, өлкөнүн экономикалык блогуна – министрлер кабинетинин төрагасы, ал эми күч блогуна Камчыбек Ташиев жоопкерчилик алган.

«Азыр министрлер кабинетинин ичинде эч кандай түшүнбөстүктөр жок. Биздин темпке чыдабагандар же мурдагыдай жүрө берсе болот дегендер өздөрү эле жолдон түшүп калып жатат. Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосунда келишпеген бир да маселе жок», — деди министрлер кабинетинин башчысы.

Мындан тышкары, ал мыйзам чыгаруунун күн тартибин колдогон депутаттык корпуска ыраазычылык билдирип, президенттин командасын Манастын «Кырк чоросуна» салыштырды.

Количество просмотров: 102