• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Жапаров Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

26 Бирдин айы 2022 15:29 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус кызматташтыгынын учурда күн тартибинде турган актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Владимир Путин ошондой эле эл аралык жана аймактык коопсуздук маселелери, анын ичинде Украинанын айланасындагы кырдаал боюнча пикир алышты.

Количество просмотров: 2120